Часто задаваемые вопросы

В случае утери документа за получением паспорта необходимо обратиться в Консульский отдел Посольства Кыргызской Республики в стране своего пребывания.

Жоголуп кеткен паспортту кантип кайра калыбына келтирүүгө болот?

Жооп: Документти жоготуп алган учурда паспорт алуу үчүн ошол өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылуу зарыл.

В случае утери общегражданского паспорта или истечения срока действия паспорта, граждане Кыргызской Республики могут обратиться в Посольство Кыргызской Республики в стране своего пребывания с просьбой о выдаче временного проездного документа – Свидетельство на возвращение в Кыргызскую Республику (СВР). СВР выдается только для возвращения в Кыргызскую Республику и указывается срок действия. После возвращения в Кыргызскую Республику заявитель обязан в течение месяца обратиться в уполномоченные органы для оформления нового паспорта и сдачи СВР.

Кыргызстанга кайтып келүү үчүн Күбөлүктү кантип алууга болот (РКК)?

Жалпы  жарандык паспортун жоготуп алган учурда же паспортунун мөөнөтү аяктаган учурда, Кыргыз Республикасынын жарандары ошол өзү токтоп, жашап турган өлкөнүн Элчилигине убактылуу жол жүрүүчү документти –  Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн берүү өтүнүчү менен кайрыла алышат (РКК). РКК бир гана Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн берилет жана анын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин, мындай арыз менен кайрылган адам бир айдын ичинде жаӊы паспорт алуу жана РККны кайтарып берүү үчүн  ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга милдеттүү.

Для получения Свидетельства на возвращение необходимо личное присутствие заявителя в Посольстве КР         в стране пребывания и предоставление следующих документов:

  • Заявление установленной формы с указанием причины отсутствия паспорта гражданина Кыргызской Республики.
  • Фотографии размером 3х4 см. (3 шт.).
  • Паспорт гражданина Кыргызской Республики. При утере копию паспорта (если имеется).
  • Справку из отдела МВД о регистрации факта кражи либо утери паспорта гражданина Кыргызской Республики.

Кыргызстанга кайтып келүү Күбөлүгүн алуу үчүн кандай документтер керек РКК? 

Кыргызстанга кайтып келүү Күбөлүгүн алуу үчүн ошол чет өлкөдөгү биздин жаран КРнын Элчилигине жеке өзү келиши керек жана төмөнкү документтерди өткөрүшү зарыл:

  • Бекитилген формадагы арыз анда Кыргыз Республикасынын жаранынын эмне үчүн паспорту жок экендигинин себеби көрсөтүлүшү зарыл.
  • 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөттөр (3 даана).
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Жоголуп кеткен учурда паспортунун көчүрмөсү (эгер бар болсо).
  • ИИМдин бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун жоголгондугу, же болбосо уурдалгандыгы фактысынын катталгандыгы жөнүндө тастыктамасы.

Необходимо обратиться в Консульский отдел Посольства Кыргызской Республики в стране своего пребывания за получением нового паспорта, либо продлением сроков его действия (в период пандемии).

Справочно: Для граждан, находящихся и пребывающих за пределами Республики согласно постановлению Правительства КР от 19 мая 2020 года №256  было принято решение о продлении  до 31 декабря 2020 г. срока действия паспорта гражданина КР (ID-карт, загранпаспорт) (за исключением паспортов лиц, не достигших 16-летнего возраста), срок действия которого истекает в период с 1 января 2020 года по 30 декабря 2020 года.

Эгер паспорттун жарактуу мөөнөтү бүтүп калса эмне кылуу керек? 

Ошол чет өлкөдөгү биздин жаран Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө жаӊы паспорт алуу, же анын жарактуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылуусу зарыл (пандемия учурунда).

Тастыктама: Республиканын ичиндеги жана сыртындагы жарандар үчүн КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 токтомуна ылайык, жарактуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан баштап, 2020-жылдын 30-декабрына чейин аяктаган КРнын жаранынын паспортунун мөөнөтүнүн жарактуулугун 2020-жылдын  31-декабрына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган (ID-карт, жалпы жарандык паспорт) (16 жаш куракка толо элек жарандардын паспортторун кошпогондо).

Процедура продления паспорта бесплатная. Необходимо предъявить оригинал загранпаспорта. В случае продления ID-карт необходимо предоставить его копию.

Паспорттун жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн кандай сумманы төлөө зарыл? 

Паспортту узартуу процедурасы акысыз. Жалпы жарандык паспорттун түп нускасын (оригиналын) көрсөтүү зарыл. ID-картты узарткан учурда анын көчүрмөсүн өткөрүү керек.

В случае задержки выдачи заработной платы вы вправе обратиться с заявлением в Следственный комитет Российской Федерации, органы Прокуратуры, а также в Инспекции труда. В соответствии с Конституцией Российской Федерации вы имеете право на судебную защиту.

В целях оказания содействия в вопросах защиты своих трудовых прав в Российской Федерации Вы можете обратиться либо в дипломатические учреждения КР в стране своего пребывания, либо в Представительство Госслужбы миграции в г. Москва, ул. Малая Полянка, 12 «а», а также направить электронное обращение по адресу: pred.migras@mail.ru Телефоны для справок: 8 (495)780 74 13, 8 (495)780 74 10, 8 (495)780 74 12.

Мага эмгек маянамды бербей коюшту, каякка кайрылуу керек?   

Айлык маянаӊызды кармап бербеген учурда Сиз Россия Федерациясынын Тергөө комитетине, ошондой эле Эмгек инспекциясына арыз менен кайрылууга укуктуусуз. Россия  Федерациясынын Конституциясына ылайык,  Сиз соттук коргоого укуктуусуз.

Сиз Россия Федерациясында эмгек укуктарыӊызды коргоо маселеси боюнча жардам алуу үчүн ошол өзүӊүз убактылуу токтогон өлкөдөгү КРнын дипломатиялык мекемелерине, же болбосо Москва шаарындагы Малая Полянка көч., 12 «а» дареги боюнча жайгашкан Миграция мамлекеттик кызматынын Өкүлчүлүгүнө кайрылсаӊыз болот, ошондой эле pred.migras@mail.ru дареги боюнча электрондук кайрылуу жөнөтсөӊүз болот. Сурап билүү телефондору: 8 (495)780 74 13, 8 (495)780 74 10, 8 (495)780 74 12.

Привлечение к осуществлению трудовой деятельности граждан Кыргызской Республики на территории России осуществляются на общих основаниях.  В соответствии с законодательством РФ, работодатель обязан оформить с ним трудовой договор в письменной форме не позднее трех рабочих дней со дня фактического допущения работника к работе. За ненадлежащее или несвоевременное оформление трудового договора работодатель несет административную ответственность, для работника могут последовать негативные последствия, такие как невыплата заработной платы и др. Внимательно ознакомьтесь с содержанием трудового договора перед его подписанием. Обратите особое внимание на условия и объем работы, режим рабочего времени, способы и размер оплаты труда. Не подписывайте трудовой договор если в нем работодатель указывает меньшую сумму, чем договаривались, т.к.  в случае возникновения трудового спора Вам произведут выплату той суммы, которая указана в трудовом договоре.  

Жумуш берүүчү эмгек келишимин түзбөй жатабы, эмне кылуу керек?

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россиянын аймагында эмгек ишмердүүлүгү жалпы негиздерге ылайык ишке ашырылат.  РФнын мыйзамдарына ылайык, жумуш берүүчү жумушчуну жумушка алган күндөн баштап үч жумушчу күндүн ичинде кечиктирбестен, аны менен эмгек келишимин түзгөнгө милдеттүү.  Эмгек келишимин мыйзамга ылайык эмес же өз учурунда эмес, кечиктирип түзгөндүгү үчүн жумуш берүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартылат,  ал эми жумушчу үчүн дагы эмгек маянасын төлөп бербөө ж.б. терс зыяндары болушу мүмкүн. Эмгек келишимине кол коюудан мурун анын мазмуну менен кунт коюп таанышып чыгыӊыз.  Жумушту иштөө шарттарына жана көлөмүнө, иштөө убактысынын режимине, эмгек акысын төлөнүшүнүн жолуна жана көлөмүнө  өзгөчө көӊүл буруӊуз.  Эгер жумуш берүүчү сүйлөшкөндөгүдөй эмес, аз сумманы көрсөтсө, т.а., эмгек акыны төлөө жаатында талаш-тартыштар пайда болгон учурда Сизге эмгек келишиминде көрсөтүлгөн суммаданы төлөөгө аракет кылса, андай эмгек келишимине кол койбогула.

Работодатель обязан оплатить работнику то время, которое он работал, или выполненную работу даже в том случае, если между ними не заключался договор. Согласно трудового законодательства России работодатель несёт ответственность за задержку зарплаты и другие нарушения по оплате труда. Если зарплату задерживают на срок более 15 дней, работник имеет право приостановить работу до выплаты зарплаты. Работник должен предупредить об этом работодателя письменно.

Если с Вами не заключили письменный договор, собирайте любые документы с Вашей фамилией, печатью и подписью работодателя: пропуск, график работ, накладная на расходные материалы, приказ о лишении премии, журнал техники безопасности, путевой лист – что угодно, лишь бы была Ваша фамилия и печать работодателя. Они станут Вашими основными доказательствами в случае невыплаты Вам зарплаты.

В случае задержки выдачи заработной платы вы вправе обратиться с заявлением в Следственный комитет Российской Федерации, органы Прокуратуры, а также в Инспекции труда. Также в соответствии с Конституцией Российской Федерации вы имеете право на судебную защиту.

За помощью в вопросах защиты своих трудовых прав, Вы можете обращаться в Представительство Госслужбы миграции в    г. Москва, либо в дипломатические учреждения КР в стране своего пребывания.

Жумуш берүүчү эмгек келишимин түзгөн жок, мага эмгек маянасын төлөп береби?

Жумуш берүүчү жумушчуга  ал иштеген убактысы үчүн төлөп берүүгө милдеттүү, же болбосо алардын ортосунда келишим түзүлбөсө дагы аткарылган жумуш үчүн төлөп берүүгө милдеттүү. Россиянын эмгек келишимине ылайык, жумуш берүүчү эмгек маянасын кармагандыгы үчүн жана эмгекти төлөп берүү боюнча башка мыйзам бузууларга баргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат. Эгер эмгек маянасын 15 күндөн ашуун күнгө кармап бербесе, жумушчу  айлык маянасы төлөнмөйүнчө жумушту токтотуп коюуга милдеттүү. Жумуш берүүчү бул тууралуу жумушчуга жазуу түрүндө эскертиши керек.

Эгер Сиз менен жазуу жүзүндө келишим түзбөсө, жумушчу тарабынан  берилген Сиздин аты-жөнүӊүз  жазылган, мөөр басылган кандай гана документтер болбосун чогултуӊуз: кирүүгө укук берүүчү документ,  жумуштун күн тартиби,   чыгымдык материал жөнүндө  баракча, сыйлыктан четтетүү жөнүндө буйрук, коопсуздук техникасынын журналы, жол баракчасы – кандай гана документ болбосун, бир гана Сиздин аты-жөнүӊүз менен жумуш берүүчүнүн мөөрү басылган болсун. Алар  Сизге эмгек маянасын төлөбөгөн учурда Сиздин негизги далилдериӊиз болот.

Эмгек маянасын төлөп берүүнү кечиктирген учурда, Сиз Россия Федерациясынын Тергөө комитетине, Прокуратура органдарына, ошондой эле Эмгек инспекциясына кайрылууга укуктуусуз. Ошондой эле, Россия Федерациясынын Конституциясына ылайык Сиз соттук коргоого укуктуусуз.

Өзүӊүздүн эмгек укуктарыӊызды коргоо боюнча Сиз Москва шаарындагы Миграция мамлекеттик кызматынын Өкүлчүлүгүнө,  же болбосо ошол өлкөдөгү КРнын дипломатиялык мекемелерине кайрылууга укуктуусуз.

При трудоустройстве обращайтесь в официальные агентства по трудоустройству. Перед трудоустройством проверьте наличие данной организации в ЕРЮЛ (едином реестре юридических лиц), поищите в интернете отзывы о деятельности этой организации, а также расспросите действующих сотрудников.

За содействием в подборе вакансий Вы можете обращаться в Представительство Госслужбы миграции при Правительстве Кыргызской Республики Кыргызской в Российской Федерации по адресу г. Москва, ул. Малая Полянка, 12» А», а также в Информационно-консультационный центр Госслужбы миграции по адресу г. Бишкек ул. Токтогула, д. 237.

Россияда кантип жумушка орношууга болот?

Жооп: Жумушка орношууда жумушка орношуу боюнча расмий агенттиктерге кайрылгыла. Жумушка орношуунун алдында ал уюм ЮТБР (юридикалык тараптардын бирдиктүү реестринде) катталгандыгын текшергиле, интернетттен бул уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө ой-пикирлерди окугула.

Бош жумуш орундарын тандоого жардам берүү үчүн  Сиз Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнө Москва шаары, Малая Полянка көч., 12 А дареги боюнча жана Миграция мамлекеттик кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборуна Бишкек шаары, Токтогул көч., 237-үй дареги боюнча кайрылсаӊар болот.

Паспорт, трудовая книжка, страховой номер индивидуального лицевого счета (СНИЛС-оформляется работодателем), документы об образовании (если трудоустраиваетесь по специальности). Также необходимо в отделении налоговой службы оформить идентификационный номер налогоплательщика (ИНН).

Никогда не отдавайте свой паспорт, миграционную карту и другие документы работодателю, в т.ч. для заключения договора, постановки на миграционный учет, направления уведомления в отдел по вопросам миграции МВД РФ и др.  Достаточно предъявить копии этих документов.

Имея трудовой договор, вы можете оформить полис обязательного медицинского страхования (ОМС) и получать бесплатную медицинскую помощь.

Жумушка орношуу үчүн кандай документтер керек?

Паспорт, эмгек китепчеси, жеке эсептин камсыздандыруучу номуру (ЖЭКН- жумуш берүүчү тарабынан толтурулат), билим деӊгээли жөнүндө документтер (эгер адистиги боюнча жумушка орношуп жатса), ошондой эле салык кызматынын бөлүмүнөн салык төлөөчүнүн  идентификациялык номурду алуу керек (ИНН).

Өзүӊүздүн паспортуӊузду, миграциялык картаӊызды жана башка документтерди жумуш берүүчүгө бербегиле, анын ичинде келишим түзүү үчүн, миграциялык каттоого туруу үчүн, РФнын ИИМнин миграция суроолору боюнча бөлүмүнө кабарлама жиберүү үчүн ж.б. Бул документтердин көчүрмөлөрүн көрсөтүү гана жетишүү.

 Эмгек келишимиӊиз бар болсо, Сиз милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин ала аласыз (ММК)  жана акысыз медициналык жардам дагы ала аласыз.

Перечень документов для въезда в Россию:

– паспорт гражданина Кыргызской Республики – внутренний национальный (ID-card) либо общегражданский (заграничный);

– документы об образовании (дипломы) если собираетесь работать по специальности;

– трудовая книжка (если имеется);

– в случае, если собираетесь въезжать на территорию России вместе с детьми, необходимо оформить на детей заграничный паспорт.

– для несовершеннолетних детей нотариальное заверенное согласие законных представителей на выезд в РФ и обратно при сопровождении третьими лицами.

Если, вы въезжаете по заграничному паспорту, рекомендуем, иметь нотариально заверенный перевод паспорта на русский язык, т.к. он необходим при оформлении на работу, для оформления банковской карты, при переводе денежных средств и т.п.).

Рекомендации: Перед тем, как планировать выезд, необходимо проверить не испорчен ли Ваш паспорт, правильно ли указана фамилия, имя, пол и нет ли каких-либо изменений вследствие несанкционированного на него воздействия (отсутствие страниц, надписи, кляксы, пятна различного происхождения, механические повреждения).  Эти изменения могут послужить причиной для признания его недействительности. Также, основаниями для замены паспорта являются: окончание срока действия, отсутствие места для проставления отметок о пересечении границы, изменения персональных данных (перемена фамилии, имени, отчества, даты рождения и других), а также значительное изменение внешности владельца паспорта.

Россияга балдарым менен чогуу чыгып кетүүнү каалап жатам, өзүм менен чогуу кандай документтерди алуу керек?

Жооп: Россияга чыгуу үчүн документтердин тизмеси:

– Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту – ички улуттук (ID-card) жалпы жарандык (чет жердик);

–  эгер адистигиӊиз менен иштөөгө даярданып жатсаӊыз, билимиӊиз жөнүндө документтер (дипломдор);

– эмгек китепчеси (эгер бар болсо);

– эгер Россиянын аймагына балдар менен чогуу чыгууга даярданып жатсаӊыз, балдарга чет элдик паспорт алуу керек.

–  жашы жетелек өспүрүм балдарга эгер аларды үчүнчү тараптардын коштоосунда болсо, РФга чыгуу үчүн жана кайра кайтуу үчүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу.

Эгер Сиз чет жердик паспорт менен чыгып жатсаӊыз,  паспорттун орус тилине которулган, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн  котормосун сунуштайбыз, тактап айтканда ал жумушту орношууда, банктык карталарды алууда, акча каражаттарын которууда ж.б. зарыл).

Сунуштамалар: Чыгууну пландаштыруудан мурун, Сиздин паспортуӊуз бузулуп калган эмеспи, аты-жөнүӊүз, жынысыӊыз туура көрсөтүлгөнбү жана андагы кандайдыр бир өзгөрүүлөрдүн кесепетинен кандайдыр бир өзгөрүүлөр жокпу (барактары толукпу, ашыкча жазуулар жокпу, ар түрдүү тактар, механикалык түрдөгү бузулуулар жокпу). Мындай өзгөрүүлөр  аны жараксыз деп табуу үчүн себеп катары роль ойношу мүмкүн. Ошондой эле, паспортту алмаштыруу үчүн булар  негиз болот: анын жарактуу мөөнөтүнүн аяктап калышы, чек арадан өткөндүгү жөнүндө белги коюу үчүн орундун жоктугу, жеке көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөр (аты-жөнүн, атасынын атын алмаштыруу, туулган жылын, күнүн, айын жана башка өзгөрүүлөр), ошондой эле паспорттун ээсинин сырткы келбетиндеги олуттуу өзгөрүүлөр.

Основаниями для наложения запрета на въезд в РФ иностранных граждан могут быть очень разными, такие как нарушение сроков пребывания в РФ, неоднократное (два и более раза) привлечение к административной ответственности в течении 3-х лет, в том числе за мелкие правонарушения, такие как несвоевременное оформление временной регистрации, курение или распитие алкогольных напитков в общественных местах, нарушение Правил дорожного движения, нарушение правил въезда (санитарные нормы, таможенные правила и другие законы), сообщение неверных  (ложных) сведений о себе и т.д.

Кандай мыйзам бузуулар үчүн «кара тизмеге»  кошуп коюушу мүмкүн?

Чет жердик жарандын РФна чыгуусуна тыюу салуу үчүн негиздер ар түрдүү болушу мүмкүн, алар РФ болуу мөөнөтүн бир нече жолу бузуу (эки же андан көп жолу), 3 жыл бою администрациялык жоопкерчиликке тартылуу, анын ичинде убактылуу каттоого өз убагында турбоо, коомдук жайларда  чылым (тамеки) чегүү жана ичкилик ичүү, Жол кыймылынын эрежелерин бузуу (санитардык нормаларды, бажы эрежелерин жана башка мыйзамдарды), өзү жөнүндө так эмес маалыматтарды таратуу (калп) ж.б. сыяктуу майда укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылуу.

Запрет на въезд в РФ вводится как ответная мера на правонарушения иностранного гражданина во время его пребывания в России.

В соответствии с действующим порядком решение о неразрешении въезда на территорию Российской Федерации может быть пересмотрено органом, принявшим такое решение, либо отменено решением суда.

Основанием для отмены решения о неразрешении въезда в Российскую Федерацию является наличие близких родственников – граждан Российской Федерации, необходимость экстренного лечения на территории Российской Федерации, и другие обстоятельства, при документальном подтверждении таких обстоятельств.

За более подробной консультацией можете обращаться дипломатические представительства Кыргызстана за рубежом, в Представительство Госслужбы миграции при ПКР в Российской Федерации (г. Москва, ул. Малая Полянка, 12 А), а также в Информационно-консультационный центр Госслужбы миграции (г. Бишкек ул. Токтогула, д. 237).

«Кара тизмеге» киргизип коюшту, каякка кайрылуу зарыл?

РФга кирүүгө тыюу салуу чет жердик жарандын анын Россияда болуу учурунда кетирген мыйзам бузуулары үчүн жооп катары киргизилет.  

Учурдагы эрежеге ылайык, Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө  уруксат бербөө жөнүндө чечим  бул чечимди кабыл алган орган тарабынан кайра каралып чыгышы мүмкүн, же болбосо соттун чечими менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

Россия Федерациясына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө  чечимди жокко чыгаруу үчүн   Россия Федерациясынын жарандарынын ичинен – жакын тууганынын болушу, Россия Федерациясынын аймагында тезинен дарылануу зарылчылыгы жана мындай жагдайларды документ түрүндө тастыктаган башка жагдайлардын болушу негиз болот.

Кенен кеӊеш алуу үчүн Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнө, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнө (Москва шаары, Малая Полянка көч., 12 А),  жана Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборуна (Бишкек шаары, Токтогул көч., 237-үй) дареги боюнча кайрылсаӊар болот.

Это можно сделать в режиме онлайн, заполнив все необходимые поля формы.  Проверка покажет запрет на въезд или его отсутствие. Напоминаем, что данная информация носит справочный характер. Это база данных Пограничной службы ФСБ РФ (ssm.gov.kg) и база данных  МВД РФ (https://мвд.рф/сервисы-гувм). На сайте Государственной службы миграции при Правительстве КР http://ssm.gov.kg/ в разделе «запрет на въезд в РФ» размещена подробная пошаговая инструкция как это сделать. Вместе с тем, можно сделать письменный запрос в уполномоченные органы России.

За более подробной консультацией можете обращаться дипломатические представительства Кыргызстана за рубежом, в Представительство Госслужбы миграции при ПКР в Российской Федерации (г. Москва, ул. Малая Полянка, 12 А), а также в Информационно-консультационный центр Госслужбы миграции (г. Бишкек ул. Токтогула, д. 237).

Өзүн «кара тизмеден» кантип издөө керек?

Муну форманын бардык зарыл саптарын толтуруп,  онлайн режимде  ишке ашырууга болот. Текшерүү чыгууга тыюу салынганын же анын жоктугун көрсөтөт. Эскертүү, бул маалымат сурамжылоочу мүнөзгө ээ. Бул РФнын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын бул көрсөткүчтөр топтомунун базасы (ssm.gov.kg) жана РФнын ИИМнин көрсөткүчтөр топтому (https://мвд.рф/сервисы-гувм). КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын мамлекеттик сайтынын http://ssm.gov.kg/ «РФга чыгууга тыюу салуу» бөлүмүндө муну кандайча жүргүзүү керек экендиги жөнүндө кенен кадамдык нускама жайгаштырылган. Муну менен катар, Россиянын ыйгарым укуктуу органдарына жазуу жүзүндөгү суроо талап жиберсе болот.

Кенен кеӊеш алуу үчүн  Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатикалык өкүлчүлүктөрүнө, Россия Федерациясындагы КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнө (Москва ш., Малая Полянка көч., 12 А)  кайрылсаӊыздар болот, ошондой эле  Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-кеӊеш берүү борборуна (Бишкек ш., Токтогул көч., 237-үй). кайрылсаӊыздар болот.

В пункте пропуска через государственную границу выдаётся (бесплатно) миграционная карта, которую необходимо заполнить самостоятельно (печатными буквами, разборчиво, без помарок). Вы должны указывать данные паспорта, по которому пересекаете границу.

Если миграционная карта заполнена сотрудником пограничной службы, необходимо внимательно проверить правильность её заполнения (ФИО, дата, месяц, год рождения, пол, гражданство, паспортные данные и цель въезда). В случае, если не верно указаны какие-либо данные, то необходимо до подписания миграционной карты просить внести исправления и заменить его.

Миграциялык картаны кантип алса болот?

Өткөрүү пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу миграциялык карта берилет (акысыз түрдө), аны ар ким өз алдынча  толтуруусу керек (басма тамгалар менен түшүнүктүү кылып, оӊдобой). Ага Сиз чек арадан өтүп жаткан паспортуӊуздун көрсөткүчтөрүн жазышыӊар керек.

Эгер миграциялык карта чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан толтурулса, ал туура толтурулдубу кунт коюп текшерүү зарыл ( Аты-жөнү,  туулган күнү, айы, жылы, жынысы, жарандыгы, паспорттук көрсөткүчтөрү жана чыгуу максаты). Эгерде кандайдыр бир көрсөткүчтөр так эмес көрсөтүлсө, анда миграциялык картага кол койбой туруп, оӊдоону жана аны алмаштырууну сурануу зарыл.

Цель приезда в миграционной карте не меняется. Необходимо выезжать на границу и получить новую миграционную карту.

Чек  арадан өтүп жатканда миграциялык картада чыгуу максаты туура эмес көрсөтүлүп калган, аны кантип оӊдоо керек?

Миграциялык картадагы келүү максаты өзгөрбөйт. Ал үчүн чек арадан өтүп, кайра чыгуу жана жаӊы миграциялык карта алуу зарыл.

При утере миграционной карты в России можно получить дубликат миграционной карты не выезжая за пределы страны.

Для того чтобы получить дубликат миграционной карты, иностранец должен написать заявление об утере миграционной карты иностранным гражданином в ближайшем отделении полиции и там же получить об этом справку. Далее со справкой из полиции, документом, удостоверяющим личность, и заявлением на выдачу дубликата миграционной карты иностранный гражданин лично обращается в отдел по вопросам миграции МВД России по месту регистрации.

Миграциялык картаны жоготуп алган учурда аны кайрадан калыбына келтирүүгө болобу?

Россияда миграциялык картаны жоготуп алган учурда, өлкөдөн чыкпай туруп эле миграциялык картанын экинчи нускасын алууга болот.

Миграциялык картанын экинчи нускасын алуу үчүн чет жердик жаран жакын жерде жайгашкан полиция бөлүмүнө чет жердик жарандын миграциялык картаны жоготуп алгандыгы жөнүндө арыз жазуусу  керек жана ошол эле жерден  бул тууралуу тастыктама алуусу зарыл. Чет жердин жаран андан нары  полиция берген  тастыктаманы жана өздүгүн тастыктаган документин,  миграциялык картанын экинчи нускамасын берүүнү суранган арызын алып, катталган жериндеги Россиянын ИИМнин миграция маселелери боюнча бөлүмүнө жеке өзү кайрылат.

В соответствии с п.  2 ч. 1 статьи 13 Федерального закона от 7 февраля 2011 г. № 3-ФЗ «О полиции» сотрудникам полиции для выполнения возложенных на нее обязанностей предоставляется право  проверять документы, удостоверяющие личность граждан, если имеются данные, дающие основания подозревать их в совершении преступления или полагать, что они находятся в розыске, либо если имеется повод к возбуждению в отношении этих граждан дела об административном правонарушении, а равно если имеются основания для их задержания в случаях, предусмотренных федеральным законом; проверять у граждан, должностных лиц, общественных объединений и организаций разрешения (лицензии) и иные документы на совершение определенных действий или на осуществление определенного вида деятельности, контроль (надзор) за которыми возложен на полицию в соответствии с законодательством Российской Федерации.

Данным Законом регламентирован порядок обращения сотрудника полиции к гражданину. При обращении к гражданину сотрудник полиции обязан: назвать свои должность, звание, фамилию, предъявить по требованию гражданина служебное удостоверение, после чего сообщить причину и цель обращения.

Полиция кызматкери документтерди  текшерүүгө укуктуубу? 

2011-жылдын 7-февралындагы «Полиция жөнүндө» Федералдык мыйзамдын № 3-ФМ 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык,  полиция кызматкерлери  аларга жүктөлгөн  милдеттерди аткаруу үчүн, эгерде жарандарды кылмыш кылды же болбосо алар издөөдө  деп шек саноого негиз бар болсо, же ал жарандарга карата администрациялык укук бузгандыгы жөнүндө иш козгоого негиз бар болсо, ошондой эле аларды федералдык мыйзамда каралган  учурлар боюнча кылмыш ишин козгоого негиз бар болсо, жарандардын өздүгүн тактаган документтерди текшерүү укугу берилет; жарандардан, кызмат адамдарынан,  коомдук бирикмелерден жана уюмдардан  аныкталган бир ишмердүүлүк менен алектенгендиги же кайсы бир аракеттерди жасагандыгы үчүн уруксат берүү кагазын (лиценциясын) жана башка документтерин текшерүүгө укуктуу, мындай көзөмөлдөө  аларга Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жүктөлгөн.

Бул мыйзам тарабынан полиция кызматкеринин жаран менен сүйлөшүү тартиби жөнгө салынган. Жаранга кайрылган учурда полиция кызматкери милдеттүү:  өзүнүн ээлеген кызмат ордун, наамын, аты-жөнүн атоого, жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана андан кийин кайрылуу себебин жана кайрылуу максатын айтуусу зарыл.

Паспорт гражданина Кыргызской Республики является собственностью государства, которое передается гражданину во временное пользование. В связи с чем, нельзя отдавать свой паспорт никому, даже сотруднику полиции.   

У сотрудника полиции могут возникнуть сомнения в том, что Ваши документы подлинные.  В этом случае он попросит вас пройти с ним в ближайший пункт полиции для проверки документов по базе данных учета.

Если полицейский не представился, не сообщил причины проверки документов, его действия можно обжаловать.  Для этого нужно запомнить или записать номер его нагрудного знака.

При себе необходимо всегда иметь паспорт, миграционную карту, уведомление о постановке на миграционный учет (регистрацию), трудовой или гражданско-правовой договор, действующий полис добровольного (ДМС) либо обязательного (ОМС) медицинского страхования.

Полиция кызматкерлери  паспортумду алып алышты жана мени документтеримди текшерүү үчүн полицияга алып барышты. Бул мыйзамдуубу?

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту мамлекеттин менчиги болуп эсептелет, ал жаранга убактылуу колдонуу үчүн берилет. Мына ушуга байланыштуу өзүӊүздүн паспортуӊузду эч кимге берүүгө болбойт, ал тургай полиция кызматкерине дагы берүүгө болбойт.

Полиция кызматкеринде Сиздин документиӊиздин түп нускасы (оригинал) экендигине күмөн саноо пайд болушу мүмкүн. Мындай учурда ал документтерди  каттоо базасы боюнча текшерүү үчүн Сизди жакынкы полиция пунктуна чогуу барууну суранат.

Эгер полиция кызматкери өзүн тааныштырбаса, документти текшерүү себебин түшүндүрбөсө, анын мындай аракеттеринин үстүнөн даттанса болот. Бул үчүн анын төшүндөгү белгисинин номурун эстеп калуу же жазып алуу зарыл.

Паспортуӊузду, миграциялык картаны, миграциялык каттоого тургандыгыӊыз жөнүндө тастыктаманы (каттоону), эмгек же жарандык-укуктук келишимди, мөөнөтү жарактуу ыктыярдуу  (ЫМК) же милдеттүү (ММК) полисин дайыма өзүӊүз менен чогуу алып жүрүшүӊүз зарыл

Вы не обязаны работать сверх времени или в нарушение графика, указанного в договоре. Нормальная продолжительность рабочего времени – 40 часов в неделю, по 8 часов 5 дней с 2 выходными или по 7 часов 6 дней с 1 выходным. Всё время, отработанное сверх 40 часов в неделю, должно оплачиваться дополнительно в двойном размере.

Жумуш берүүчү бекитилген нормадан ашык иштөөгө мажбурлай алабы? 

Сиз келишимде көрсөтүлгөн графиктен ашыкча убакытка же графикти бузуу менен иштөөгө милдеттүү эмессиз. Иштөө убактысынын нормалдуу узактыгы – жумасына 40 саат, 8 сааттан 5 күн, 2 эс алуу күнү менен же болбосо 7 сааттык 6 күн, 1 эс алуу күнү менен. Бир жумасына 40 сааттан ашыкча аткарылган жумуш бардык учурда кошумча түрдө эки эсе өлчөмдө төлөнүп берилиши керек.

Вы не обязаны делать ту работу, которая прямо не прописана в Вашем трудовом договоре. Дополнительные виды работ, не указанные в договоре, должны оплачиваться отдельно.

Жумуш берүүчү кошумча жумушту аткарууга мажбурлай алабы?

 Жооп: Сиз эмгек келишимиӊизде түз көрсөтүлүп жазылбаган жумушту аткарууга милдеттүү эмессиз. Келишимде көрсөтүлбөгөн кошумча жумуштун түрлөрү кошумча төлөнүп берилиши зарыл.

Штрафы трудовым законодательством России запрещены.

Жумуш берүүчү өзүнүн кызматкерлерин кандай гана себеп болсо да айыпка жыгууда, бул мыйзамдуубу? 

Жооп: Айып салуу Россиянын эмгек мыйзамы тарабынан тыюу салынган.  

 

Граждане КР должны зарегистрироваться (встать на миграционный учет по месту пребывания) в компетентных органах РФ (МВД РФ) в течение 30 дней.

Срок временного пребывания исчисляется с даты въезда гражданина КР на территорию РФ, подтвержденной миграционной картой с отметкой органов пограничного контроля РФ, проставленной при въезде на территорию РФ.

В случае пребывания гражданина КР на территории РФ свыше 30 дней гражданин КР обязан зарегистрироваться (встать на учет по месту пребывания) в компетентных органах РФ (МВД РФ).

Постановка на учет граждан КР, прибывших на территорию РФ с целью осуществления трудовой деятельности, осуществляется на срок действия заключенного трудового или гражданско-правового договора.

В течение срока, указанного в договоре, как трудящийся, так и члены его семьи могут на любое время покидать и вновь возвращаться на территорию страны пребывания. При каждом въезде процедура постановки на учет должна быть повторена.

Постановка на учет граждан КР, прибывших на территорию РФ по иным целям, производится на срок не более 90 дней с даты въезда гражданина КР на территорию РФ. При этом, действует правило 90/180 дней, то есть гражданин пробыв 90 дней подряд в РФ, должен на 90 дней ее покинуть.

Если продолжительность пребывания гражданина КР в стране окажется большей, и он не сможет предоставить подтверждения того, что затяжка произошла по уважительной причине (обучение, травма или заболевание, решение вопросов с наследством или похороны), нарушителя закона ожидает штраф и выдворение из РФ минимум на три года.

Миграциялык каттоого милдеттүү түрдө туруу керекпи? 

КРнын жарандары  РФнын компетенттүү органдарында  (РФ ИИМ) 30 күндүн ичинде каттоого туруулары керек (бара турган өлкөгө жеткенден кийин)

Убактылуу жашап туруу мөөнөтү КРнын жаранынын РФнын аймагына кирген күнүнөн баштап эсептелет, ал РФнын аймагына кирип жаткан учурда РФнын чек ара көзөмөлдөөчү органдарынын белгиси коюлган миграциялык карта менен тастыкталат.

 КРнын жаранынын РФ аймагында болуу мөөнөтү 30 күндөн ашкандан кийин, КРнын жараны РФнын компетенттүү органдарында  (РФ ИИМ) 30 күндүн ичинде каттоого туруусу зарыл ( токтогон дареги боюнча).

РФнын аймагына эмгектенүү максатында  кирген КРнын жаранын каттоого тургузуу эмгек келишиминин, же болбосо жарандык-укуктук келишимдин жарактуу мөөнөтүнө ылайык ишке ашырылат.

Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, эмгек мигранты жана анын үй-бүлө мүчөлөрү бардык учурда ал өлкөдөн чыга алышат жана кайрадан кайтып келе алышат.

 Ар бир кирген сайын каттоого туруу процедурасы кайталанышы керек.

 Башка максаттар менен РФнын аймагына кирген КРнын жарандарын каттоого тургузуу КРнын жаранынын РФнын  аймагына кирген күндөн баштап, 90 күндөн ашык эмес мөөнөткө ишке ашырылат.  Муну менен катар, 90/180 күн  эрежеси иштейт, тактап айтканда жаран РФнын аймагында 90 күн катары менен болгондон кийин, кайра 90 күнгө өлкөдөн чыгышы керек.

Эгер КРнын жаранынын ал өлкөдө болуу мөөнөтү узак болуп кетсе жана ал мындай кармалуу олуттуу себептерден (окуу, жаракат алуу же оору, мураска калган мүлк менен, же болбосо өлүм-житимге байланыштуу) улам болгондугун далилдей албай жатса, бул мыйзам бузуучуну айып пул жана РФнын аймагынан эӊ минималдуу дегенде үч жылга чыгаруу жазалары күтөт.

Все процедуры, связанные с постановкой на миграционный учет осуществляет Принимающая сторона.

Принимающей стороной могут являться: юридические лица, их филиалы или представительства, у которых иностранный гражданин осуществляет трудовую деятельность и фактически проживает (в специально отведенных помещениях, либо общежитиях) либо физические лица, собственники помещения по месту проживания трудящегося.

Иностранный гражданин по прибытии в место пребывания предъявляет Принимающей стороне следующие документы: паспорт и миграционную карту.

Принимающая сторона на основании предъявленных иностранным гражданином документов заполняет специальный бланк уведомления о прибытии иностранного гражданина в место пребывания.

Миграциялык каттоого тургузууну ким жүргүзөт?

Миграциялык каттоого тургузууга байланыштуу бардык процедураларды Кабыл алуучу тарап ишке ашырат.

Кабыл алуучу тарап болуп эсептелет:  чет жердик жаран эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан жана учурда жашап жаткан юридикалык тараптар, алардын филиалдары же өкүлчүлүктөрү (атайын бөлүнүп берилген турак жайларда, же жатаканаларда), эмгек мигрантынын жашаган жери боюнча турак жайдын кожоюндары, же жеке тараптар.

Чет жердик жаран бара турган өлкөгө жеткенден кийин Кабыл алуучу тарапка  төмөнкү документтерди көрсөтөт: паспортту жана миграциялык картаны.

Кабыл алган тарап чет жердик жаран тарабынан көрсөтүлгөн документтердин негизинде чет жердик жарандын келгендиги жөнүндө атайын  билдирме бланкты  толтурат.

Встать на миграционный учет можно в многофункциональных центрах предоставления государственных и муниципальных услуг (МФЦ), в территориальных отделах по вопросам миграции МВД России (по месту жительства), а также путем отправления уведомления по Почте России.

Постановка на учет иностранного гражданина осуществляется

1) по адресу жилого помещения, в котором он фактически проживает.

 2) по адресу организации, в которой он в установленном порядке осуществляет трудовую деятельность, в случае фактического проживания по адресу указанной организации.

Миграциялык каттоого кайсы жерде турууга болот?

Жооп: Миграциялык каттоого мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көп функционалдуу борборлорунан (КФБ), Россиянын ИИМнин миграция суроолору боюнча аймактык бөлүмдөрүнөн (жашаган жери боюнча), ошондой эле Россия Почтасы боюнча кабарлама жөнөтүү аркылуу турууга болот.

 Чет жердик жаранды миграциялык каттоого тургузуу ишке ашырылат

  • чет жердик жаран учурда жашап жаткан турак-жайдын дареги боюнча.
  • ал бекитилген тартипте эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан уюмдун дареги боюнча, эгер ал уюмдун дареги боюнча учурда жашап жатса.

При первичной регистрации требуется паспорт принимающей стороны, сведения о его постоянной регистрации, заполненный бланк уведомления о прибытии в место пребывания (можно скачать на сайте МВД РФ), копии со всех страниц паспорта иностранного лица, копия   миграционной карты. При продлении регистрации дополнительно требуется документ подтверждающий право продления регистрации, т.е.   трудовой договор или   гражданско-правовой договор.

Миграциялык каттоого туруу үчүн кандай документтер керек?

Биринчи жолу каттоого туруу үчүн кабыл алган тараптын паспорту, анын дайыма туруктуу негизде каттоодо тургандыгы жөнүндө маалыматтар, ошол дарекке келгендиги жөнүндө кабарлаган, толтурулган бланкы (РФнын ИИМнин сайтынан жүктөп алса болот), чет жердик жарандын паспортунун бардык баракчаларынын көчүрмөлөрү, миграциялык картанын көчүрмөсү талап кылынат. Каттоону узартууда кошумча түрдө каттоону узартуу укугун тастыктаган документ, тактап айтканда эмгек келишими же жарандык-укуктук келишим талап кылынат.

Территориальный орган МВД России по вопросам миграции, многофункциональный центр предоставления государственных и муниципальных услуг (МФЦ), либо организация почтовой связи, получившие от Принимающей стороны заполненное уведомление и указанные выше копии, проставляют в уведомлении отметку о его приеме и возвращают отрывную часть уведомления Принимающей стороне. Принимающая сторона передает иностранному гражданину отрывную часть этого уведомления.

Наличие у иностранного гражданина отрывной части Уведомления с проставленной отметкой подтверждает его постановку на миграционный учет.   

Миграциялык каттоого туруунун тартиби кандай?

Россиянын ИИМнин миграция маселелери боюнча Аймактык органы,  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн көп функционалдуу борбору (КФБ), же болбосо  жогоруда саналып өткөн көчүрмөлөрдү жана толтурулган билдирмени  алган Кабыл алуучу тараптын өкүлү  тастыктамага документтерди кабыл алгандыгы жөнүндө белги коёт жана  Кабыл алган тараптын   Тастыктамасынын айрылуучу бөлүгүн документ тапшырган адамдын колуна берет. Кабыл алган тарап бул   Тастыктаманын айрылуучу бөлүгүн чет жердик жарандын колуна берет.

Чет жердик жарандын колунда Тастыктаманын белги коюлган айрылма бөлүгүнүн болушу анын миграциялык каттоого тургандыгын билдирет.

Гражданин КР, который хочет находиться в России больше 90  дней, должен продлить миграционный учёт. Основанием для продления является – трудовой договор, договор выполнения работ или договор образовательных услуг. В случае, если Вы работаете по трудовому договору или договору выполнения работ, срок пребывания Вам продлевается на срок этого договора.

Продлить миграционный учёт можно только в том случае, если у Вас на данный момент есть действующий миграционный учёт. Если предыдущий миграционный учёт закончился или его просто нет в базе, продление оформить невозможно.

Оформлять продление нужно до окончания предыдущей регистрации.

Для продления пребывания Вы должны сделать копии.

Справочно: Согласно Указа Президента России В.Путина от 15.06.2020 года приостановлено течение сроков постановки на миграционный учёт иностранцев до 15 сентября т.г.  Это означает, что ваш учёт будет считаться действующим до 15 сентября. Вместе с тем сообщаем, что на сегодняшний день территориальные отделы ГУВМ МВД России работают в обычном режиме.

Миграциялык каттоону кантип узартуу керек (катталууну)?

Россиянын аймагында 90 күндөн ашык болууну каалаган КРнын жараны миграциялык каттоону узартуусу керек. Узартуу үчүн негиз – эмгек келишими,  жумушту аткаруу келишими же окутуу кызмат көрсөтүүлөрү келишими. Эгерде Сиз эмгек келишими  же  жумушту аткаруу келишими боюнча иштесеӊиз, анда Сиздин ал жакта болуу мөөнөтүӊүз ошол келишимдин мөөнөтүнө жараша улантылат.

Миграциялык каттоону узартса болот, эгерде Сиздин ошол учурдагы  миграциялык каттооӊуз жарактуу болсо. Эгер мурунку миграциялык каттооӊуз  аяктап калса же болбосо, узартууга мүмкүн эмес.

Мурунку каттоо аяктаганга чейин  узартуу керек. 

Ал жакта болуу мөөнөтүн узартуу үчүн Сиз баарынын көчүрмөлөрүн жасашыӊыз керек.

Маалымат үчүн: Россиянын Президенти В.Путиндин 15.06.2020-жылындагы Жарлыгына  ылайык, ушул жылдын 15-сентябрына чейин чет жердик жарандарды миграциялык каттоого коюу мөөнөтү токтотулду.  Бул Сиздин каттооӊуз 15-сентябрга гана жарактуу дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле, Россиянын ИИМнин Шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү адаттагыдай режимде иштеп жаткандыгын маалымдайбыз.

Оформление миграционного учёта производится бесплатно.  Никаких налогов или дополнительных коммунальных платежей у собственника жилья не будет.  Наоборот, если собственник жилья, где проживаете не зарегистрирует вас (поставит на учет), его могут обвинить в организации нелегальной миграции в форме незаконного пребывания.

Миграциялык каттоого туруу үчүн мамлекеттик пошлинанын баасы канча турат?

Миграциялык каттоого туруу акысыз түрдө жүргүзүлөт. Мындан турак жайдын кожоюнуна эч кандай кошумча коммуналдык төлөм болбойт. Тескеринче, эгер Сиз жашап жаткан турак жайдын ээси Сизди каттабаса (каттоого тургузбаса),  ага мыйзамсыз жүрүү формасындагы мыйзамсыз миграцияны уюштурду деген айып тагышы мүмкүн.

Все граждане Кыргызстана имеют право на бесплатную скорую (экстренную и неотложную) медицинскую помощь на тех же условиях, что и граждане России, независимо от наличия медицинского страхового полиса.

Граждане Кыргызстана, которые официально трудоустроены и легально работают на территории Российской Федерации, могут оформлять полисы обязательного медицинского страхования бесплатно.

Остальным категориям граждан Кыргызстана (членам семей трудящегося и гражданам, осуществляющим трудовую деятельность без заключения трудового договора, рекомендуется оформить полис добровольного медицинского страхования (далее – ДМС).

Медициналык жардам

Кыргызстандын  жарандары медициналык камсыздандыруу полиси бар же жок  экендигинен  көз карандысыз түрдө, Россиянын жарандары менен бирдей эле шарттарда акысыз медициналык тез жардам алууга укуктуу (ыкчам жана кечиктирилгис) .

Россия Федерациясынын аймагында расмий түрдө иш менен камсыз болгон же мыйзамдуу иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары,  милдеттүү медициналык  камсыздандыруу полисин толтура алышат.      

Кыргызстандын башка категориялар боюнча жарандарына (эмгектенип жаткан адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана эмгек келишимин түзбөстөн иштеп жаткан жарандарга ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин толтуруу сунуш кылынат (ЫМК).

В целях избежания насилия, трудовой эксплуатации и жестокого обращения, в отношении детей трудовых мигрантов оставленных на попечении родственников или в интернатных учреждениях необходимо официально регистрировать опеку.

Лица, желающие быть опекунами и попечителями несовершеннолетних, обращаются в территориальное подразделение уполномоченного органа по защите детей (Министерство труда и социального развития Кыргызской Республики) с заявлением и приложением следующих документов:

– копия паспорта (или иной удостоверяющий личность документ);

– копия свидетельства о браке (если состоят в браке);

– нотариально заверенное согласие супруга на опеку или попечительство (если состоят в браке);

– справка с места жительства о составе семьи;

– справка органов внутренних дел об отсутствии, снятии или погашении судимости;

– документ, подтверждающий наличие постоянного источника доходов семьи (справка с места работы, с указанием должности и заработной платы, копия декларации о доходах от предпринимательской деятельности, справка исполнительных органов местного самоуправления о наличии земельной доли, живности и других активов в собственности крестьянского хозяйства);

– медицинское заключение государственной лечебно-профилактической и медико-социальной организации о состоянии здоровья лица, желающего быть опекуном, и членов его семьи об отсутствии заболеваний;

– характеристика с места работы либо с места жительства;

–  полная автобиография

Балдардын үстүнөн камкорчулукту кантип толтуруу керек?

Эмгек мигранттарынын туугандарыныкында же интернаттык мекемелерде калган балдарын  зомбулуктан, эмгек эксплуатациясынан жана ырайымсыз мамиледен  коргоо максатында  камкорчулукту расмий түрдө каттоо зарыл.

Жашы жетелек өспүрүмдөргө камкорчу жана көзөмөлчү болууну каалаган жарандар балдарды коргоо боюнча  ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнө арыз менен кайрылышат (Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги) жана төмөнкү документтер тиркелет:

– паспортунун көчүрмөсү (же башка өздүгүн тактаган документ);

– никелешкендиги тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеси бар болсо);

– жубайынын камкорчу же көзөмөлчү болууга нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);

– жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө тастыктама;

– справка органов внутренних дел об отсутствии, снятии или погашении судимости;

– үй-бүлөнүн дайыма туруктуу киреше булагы бар экендигин тастыктаган документ (иштеген жеринен ээлеген кызматы жана эмгек маянасы көрсөтүлүп жазылган тастыктама, ишкердик ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынан жер үлүшүнүн бардыгы, чарбасы жана дыйкан чарбасынын башка активдеринен жеке менчиги бар экендиги жөнүндө тастыктама);

– мамлекеттик дарылоочу-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдар тарабынан камкорчу болууну каалап жаткан жарандын  жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолуктарынын абал, оорулардын жоктугу тууралуу тастыктама;

–  иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;

–  толук автобиографиясы.

Выезжая, сообщите своим родным и близким о той фирме, через которую выезжаете, а также о предполагаемом месте работы. Добравшись до пункта назначения, оповестите своих родных, назовите адрес проживания. Узнайте о стране, в которую отправляетесь: о правилах въезда, пребывания, трудоустройства, медицинского обслуживания, об условиях работы, телефоны, адреса кыргызских дипломатических представительств или консульских учреждений в стране, в которую отправляетесь и т.п.

Россияга иштеп акча тапканы кетип жатам, жеке коопсуздугумду кантип сактай алам??

Кетип  жатып  өзүӊүздүн жакындарыӊызга жана туугандарыӊызга Сизди кетирип жаткан фирма жана болжолдуу түрдө иштей турган кызматыӊыз жөнүндө маалыматтарды бериӊиз, билдирип коюуӊуз. Бара турган жериӊизге жеткенден кийин, өзүӊүздүн туугандарыӊызга кабарлаӊыз, жашаган дарегиӊизди айтыӊыз. Өзүӊүз кетип жаткан өлкө жүнүндө алдын ала билиӊиз: чыгуу, жашоо эрежелери тууралуу, ишке орношуу, медициналык кызмат көрсөтүү, иштөө шарттары, телефондору,  Сиз бара жаткан  өлкөдөгү кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелердин даректерин ж.б.

В большинстве случаев за «миграционные» нарушения в КоАП предусмотрен штраф с возможным выдворением за пределы России, а если нарушение произошло в Москве, Московской области, Санкт-Петербурге или Ленинградской области, предусмотрено обязательное выдворение.

 Есть и другие статьи КоАП РФ, по которым иностранцам в виде наказания назначается штраф. Это наказание за различные правонарушения в виде безбилетного проезда в автобусе, нарушение правил дорожного движения, посягательство на общественный порядок и общественную безопасность, такие как появление в пьяном виде на улице, распитие спиртных напитков на улице, курение в неположенном месте, за выброс в неположенном месте мусора (бычок, сигарета, бутылка, разовая посуда, банка и проч.) и др.

Административный штраф: Административный штраф, согласно Кодексу Российской Федерации об административных правонарушениях, – это один из основных видов административных наказаний, устанавливается за совершение административных правонарушений, предусмотренных КоАП РФ и законами Российской Федерации об административных правонарушениях, может применяться как в судебном, так и в административном порядке.

Чет элдик жаранга кандай мыйзам бузуулар үчүн административдик жаза колдонулушу мүмкүн

Көпчүлүк учурларда Административдик укук бузуулар  жөнүндө Кодексинде “миграция” эрежесин бузгандыгы үчүн Россиядан чыгаруу мүмкүндүгү менен айып пул каралган, ал эми мыйзам бузуу Москва шаарында, Москва районунда, Санкт-Петербург шаарында же Ленинград облусунда болсо, анда милдеттүү түрдө чыгарып салуу (депортация) каралган.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинде чет өлкөлүк жарандарга  жаза катары айып пул салынуучу  башка беренелери да бар.  Мисалы,  автобуста акысыз жүрүү, жол кыймылынын эрежелерин бузуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу, көчөдө мас абалда жүрүү, спирт ичимдиктерин ичүү, мүмкүн  эмес жерде тамеки тартуу, туура эмес жерге ар кандай  таштандыларды  ыргытып булгоо (тамеки, бөтөлкө, бир жолку идиштер, банка ж.б.) ж.б.у.с. ар кандай укук бузуулар.

Административдик жаза: Административдик жаза Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык  Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана административдик укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган административдик

укук бузууларды жасагандыгы үчүн берилүүчү административдик жазалардын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат,  ошондой эле соттук жана административдик  тартипте колдонулушу мүмкүн.

Важно помнить, что иностранному лицу или лицу без гражданства может быть ограничен въезд в Российскую Федерацию может быть не разрешен в случае, если иностранный гражданин или лицо без гражданства:

– неоднократно (два и более раза) в течение трех лет привлекались к административной ответственности в соответствии с законодательством Российской Федерации за совершение административного правонарушения на территории Российской Федерации,

Два любых административных штрафа приведут к запрету на въезд. То есть, даже переход улицы на красный свет или курение в неположенном месте могут привести к очень серьёзным последствиям.

Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар үчүн административдик укук бузуунун жана административдик жоопкерчиликке тартылуусунун кесепеттери.

Чет өлкөлүк же жарандыгы жок жаран  үч жылдын ичинде Россия Федерациясынын аймагында административдик укук бузгандыгы үчүн бир нече жолу (эки же андан көп жолу) административдик жоопкерчиликке тартылса, анда ал жаранга  Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюуу салынышы мүмкүн   экендигин  унутпоо керек.

Эки административдик айып салынса  кирүүгө тыюу салынат. Башкача айтканда, кызыл чырак жанып турганда  жолдон  өтүү же туура эмес жерде тамеки тартуу  да өтө олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Административный штраф должен быть уплачен в полном размере лицом, привлеченным к административной ответственности, не позднее 60 дней. Неуплата административного штрафа в установленный срок, влечет наложение административного штрафа в двукратном размере суммы неуплаченного административного штрафа, либо административный арест до пятнадцати суток, либо обязательные работы на срок до 50 часов в соответствии с ч.1 ст.20.25 КоАП РФ.

Административдик айып пулдарды төлөө эрежелери

Административдик айып пул административдик жоопкерчиликке тартылган адам тарабынан 60 күндөн кечиктирилбестен толугу менен төлөнүшү керек. Белгиленген мөөнөттө административдик айыпты төлөбөө, төлөнбөгөн административдик айыптын эки эселенген өлчөмүндө административдик  айып салууга, же он беш суткага чейин административдик камакка алууга,  же болбосо Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар  жөнүндө Кодексинин 20.25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 50 саатка чейин мажбурлап (милдеттүү)  иштөөгө алып келет.

Административный штраф – наиболее популярный вид наказания за административное правонарушение. Механизмы назначения, суммы и причины для наложения штрафов закреплены КоАП РФ. Однако при просроченной оплате штрафа возникает задолженность, которая может привести к неприятным последствиям. Поэтому, лучше узнавать, имеется ли у вас задолженность по административным штрафам и погашать ее в срок. Это можно сделать онлайн с помощью специальных сервисов по проверке задолженностей.

Возможные способы проверки административных штрафов:

  1. Портал электронных госуслуг(сайт www.gosuslugi.ru).

На данном портале требуется полная регистрация, авторизация, зато здесь аккумулируются все данные со всех министерств, ведомств и служб. Соответственно, только здесь вы найдете наиболее полную информацию об имеющихся штрафах и задолженностях.

  1. Портал ГИБДД(сайт гибдд.рф).

На данном портале вы легко можете проверить штрафы ГИБДД. Находясь на портале гибдд.рф, зайти во вкладку “контакты” и выбрать там “проверка штрафов“;

  1. Портал ФНС РФ.

Получить информацию о налоговой задолженности и штрафах вы можете с помощью сервиса официального сайта ФНС России «Личный кабинет налогоплательщика для физических лиц».

  1. На официальном сайте ФССП(http://fssprus.ru/)

На официальном сайте ФССП в “Банке данных исполнительных производств” содержится информация о просроченных административных штрафах. То есть о тех, по которым срок оплаты прошел, нарушитель вовремя не погасил штраф, и было открыто исполнительное производство судебными приставами.

Административдик айып пулдар боюнча карызды кантип аныктаса болот

Административдик айып – бул административдик укук бузуу үчүн жазанын эң популярдуу түрү. Аны дайындоо механизмдери, айып пулдун өлчөмдөрү жана себептери Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар  жөнүндө Кодексинде аныкталат.  Айып пул өз убагында төлөнбөгөн учурда жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, административдик айып пул боюнча карызыңыз бар же жогун аныктап, аны убагында төлөгөнүнүз оң болот. Онлайн режиминде карыздарды текшерүү боюнча атайын кызматтарды колдонуу менен жүргүзсө болот.

Административдик айып пулдарды текшерүү  жолдору:

  1. Электрондук мамлекеттик кызматтардын порталы (веб-сайт www.gosuslugi.ru).

Бул порталда бардык министрликтердин, ведомстволордун жана кызматтардын маалыматтары ушул жерде топтолгон. Ушул порталдан  сиз учурдагы туумдар жана карыздар жөнүндө толук маалыматты таба аласыз.

  1. МАИнин порталы (МАИ сайты).

Бул порталда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясындагы  айып пулдарын оңой эле текшерсе болот. Ал үчүн гибдд.рф порталында “байланыштар” кошумча барагына өтүп, ошол жерден “айып пулду текшерүү” баскычын тандаңыз;

  1. Россия Федерациясынын Федералдык салык кызматынын порталы.

Россиянын Федералдык салык кызматынын расмий сайтынын “Жеке жактар ​​үчүн салык төлөөчүнүн жеке эсеби” кызматын колдонуп  салык карыздары жана туумдар жөнүндө маалымат алсаңыз болот.

  1. ФССП расмий сайтында (http://fssprus.ru/)

Федералдык сот приставынын кызматынын расмий сайтынын  “Аткаруу өндүрүшүнүн маалымат банкы” бөлүмү  мөөнөтү өтүп кеткен административдик айып пулдар жөнүндө маалыматты камтыйт. Башкача айтканда, сот аткаруучулары  тарабынан төлөө мөөнөтүн  өткөрүп жиберген  же  айып пулду убагында төлөбөй койгон  мыйзам бузуучуларга карата  аткаруу өндүрүш иши ачылган.

Запись в Банке данных будет удалена или изменена (в случае частичного погашения задолженности) в течение 3 – 7 дней с момента оплаты, так как денежные средства должны поступить на депозитный счет отдела судебных

Карызды төлөө боюнча маалымат банкына өзгөртүү киргизүү үчүн канча убакыт талап кылынат?

Маалыматтар банкындагы жазуу төлөнгөн күндөн тартып 3 – 7 күндүн ичинде жок кылынат же өзгөрүлөт (карыз жарым-жартылай толонгон учурда), анткени каражаттар сот департаментинин депозиттик эсебине түшүшү керек.

Несвоевременная оплата административных штрафов, в том числе наложенных ГИБДД, обязательных налогов и сборов, алиментов, услуг ЖКХ, а также просрочка по банковским кредитам может стать основанием для временного ограничения для выезда из России.

Административдик айып пулдарды, милдеттүү салыктарды жана жыйымдарды, алименттерди ж.б. төлөбөй коюуу кесепеттери

Административдик айыптарды, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугу кызматы тарабынан салынуучу айып пулдар, милдеттүү салыктар жана жыйымдар, алименттер, турак-жай жана коммуналдык кызматтар, ошондой эле банктык насыя төлөмдөрүн өз мөөнөтүндө төлөбөй коюуу  Россиядан чыгып кетүүгө убактылуу чектөө үчүн негиз болушу мүмкүн.

В соответствии с действующим Законом «О гражданстве Кыргызской Республики» от 21 мая 2007 года №70, приобретение гражданином Кыргызской Республики иного гражданства не влечет за собой прекращение гражданства Кыргызской Республики. Прекращение гражданства КР возможно в результате выхода из нее в порядке, установленном законодательством КР.

Кыргыз Республикасынын жаранынын  башка мамлекеттин жарандыгыны алуусу  Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болууну токтотууга алып келеби?

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” 2007-жылдын 21-майындагы № 70 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны  башка мамлекеттин  жарандыгын алгандыгы  Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болууну  токтотууга  алып келбейт. Кыргыз Республикасынын жарандыгын  токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте андан чыгуунун натыйжасында ишке ашырылат.

Перечень документов для оформления выхода из гражданства Кыргызстана

1) заявление-анкета о выходе из гражданства Кыргызской Республики в трех экземплярах;

2) свидетельство о рождении (оригинал + 3 копии);

3) свидетельство о заключении брака (оригинал + 3 копии) – для граждан, состоящих в браке;

3.1.) свидетельство о расторжении брака (оригинал + 3 копии) – для граждан, расторгнувших брак;

3.2.) свидетельство о смерти супруга (супруги) (оригинал + 3 копии) – для вдов и вдовцов;

3.3.) решение суда о признании супруга (супруги) умершим или безвестно отсутствующим (оригинал + 3 копии) – в соответствующих случаях;

4) документ налогового органа Кыргызской Республики (выдается по последнему месту жительства заявителя на территории Кыргызской Республики) об отсутствии задолженности по уплате налогов (оригинал + 3 копии);

5) Паспорта КР (оригинал + 3 копии);

6) три цветные фотографии размером 4×6 см на белом фоне;

7) оплата консульских сборов производится через банковский терминал, установленный в консульском отделе Посольства.

Заявление – анкета заполняется печатными буквами (приветствуется использование принтера), без исправлений, прочерков и сокращений, только буквенные и цифровые знаки.

Если заявитель одновременно ходатайствует о выходе из гражданства Кыргызской Республики несовершеннолетних детей, то в зависимости от обстоятельств, предусмотренных Законом о гражданстве Кыргызской Республики, представляются:

  1. Копия свидетельства о рождении, установлении опеки или попечительства, лишении родительских прав;
  2. Письменное согласие сторон на прекращение или сохранение гражданства ребенка, если один из родителей или опекунов остается гражданином Кыргызской Республики заверенное нотариально или в консульском учреждении Кыргызской Республики в России;
  3. Письменное согласие детей в возрасте от 14 до 18 лет на изменение гражданства, заверенное нотариально или в консульском учреждении Кыргызской Республики в Российской Федерации.

Лица, достигшие совершеннолетия (18 лет) оформляют выход из гражданства Кыргызской Республики самостоятельно.

Заявление должно быть подписано лично заявителем в присутствии консульского должностного лица с указанием даты составления.

Кыргызстандын  жарандыгынан  чыгуу үчүн кандай документтер керек

Кыргызстандын жарандыгынан чыгарууну каттоо үчүн документтердин тизмеси

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыздын үч нускасы;

2) туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нуска + 3 көчүрмөсү);

3) нике тууралуу күбөлүк (түп нуска + 3 көчүрмөсү) – үй-бүлөлүү жарандар үчүн;

3.1. Ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк (түп нуска + 3 көчүрмөсү) – ажырашкан жарандар үчүн;

3.2. Жубайынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүк (түп нускасы + 3 көчүрмөсү) – жесирлер үчүн;
3.3.) Жубайлардын бирөөсүнүн каза болгондугун  же дайынсыз жоголгондугун  тастыктаган соттун чечими (түп нуска + 3 көчүрмө) – эгерде болсо;

4) салык карызы жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын  документи (арыз берүүчүнүн акыркы жашаган дареги боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында) (түп нуска + 3 көчүрмөсү);

5) Кыргыз Республикасынын паспорттору (түп нускасы + 3 көчүрмөсү);

6) ак түстө 4 × 6 см өлчөмүндөгү үч түстүү сүрөт;

7) консулдук жыйымдарды төлөө Элчиликтин консулдук бөлүмүндө орнотулган банктык терминал аркылуу жүргүзүлөт.

Арыз  (анкета)-  басылма  тамгалар менен оңдоолорсуз жана кыскартууларсыз, алфавиттик жана сандык белгилер колдонулуп  толтурулат (принтерди колдонуу сунушталат).

Эгерде арыз ээси бир эле мезгилде жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз менен кайрылса, анда Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзамда каралган жагдайларга жараша төмөнкүлөр берилет:

  1. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн , камкордукка алуу, ата-энелик укуктарынан ажыратуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү;
  2. Эгерде ата-энелеринин же камкорчуларынын бири Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калса, нотариус тарабынан же Кыргыз Республикасынын Россиядагы консулдук мекемесинде күбөлөндүрүлгөн болсо, баланын жарандыгын токтотуу же сактап калуу жөнүндө тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу;
    3. Жарандыкты өзгөртүүгө 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу, нотариус же Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы консулдук мекемесинде күбөлөндүрүлөт.

Жашы жетилген адамдар (18 жашта) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну өз алдынча тариздешет. Арызга Консулдук кызматкердин катышуусунда  датасын көрсөтүү менен  арыз ээси тарабынан жеке кол коюлушу керек.