Выборы 2020

 Выборы 2020

Урматтуу шайлоочулар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү 2020-жылдын 4-октябрында Москва убактысы боюнча саат 08:00-дөн 20:00-гө чейин өткөрүлөт.Элчиликтин аймагында Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясы 3 шайлоо участогун бекитти: Шайлоо Комиссиясынын Участогу № 9001; Шайлоо Комиссиясынын Участогу № 9005 жана Шайлоо Комиссиясынын Участогу № 9015.

1. Эртең мененки саат 08: 00дө шайлоо участогу ачылат.Москва убактысы боюнча саат 08.00-дөн 20.00-гө чейин Элчиликтеги шайлоо участкаларына Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу убакытта келсеңиз болот.

2. Шайлоо участогунун кире беришинде шайлоочунун температурасын контактсыз шайман менен өлчөө өткөрүлөт.Добуш берүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого милдеттүүсүз, башкача айтканда, сыркоолоп жатсаңыз-шайлоо участкаларына келүүдөн алыс болуңуз, беткап жана кол кап кийип келиңиз.

3. Шайлоочуларды идентификациялоо.Сиз биринчи идентификация жүргүзүүчү операторго кайрылууңуз керек, башкача айтканда, бармак манжаңыздын изи менен өздүгүңүздү аныктайсыз.

4. Чекти басып чыгарып, шайлоочуга өткөрүп берүү.Сиздин жарандыгыңызды тастыктагандан кийин, оператор сизге идентификациялык чекти тапшырат (чек — бул сиздин инсандыгыңызды тастыктаган күбөлүк).

5. Чектин негизинде бюллетендерди берүү.Идентификациялык чекти шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө тапшырып, бюллетень аласыз.

6. Паспорттун негизинде шайлоочулардын тизме журналына шайлоочуларды каттоо (ID же чет элдик паспорт).Шайлоо Комиссия Участогунун мүчөлөрү Сизди журналга каттайт. Ал үчүн сиз (ички же чет өлкөлүк) кыргыз жаранынын паспортун көрсөтүп, журналга кол коесуз.

7. Кабинада добуш берүү.Сизге берилген бюллетень менен кабинага барып, белги коесуз. Сиз толтурган бюллетень эч кимге көрсөтүлбөшү керек. Фото, телефон же видеого тартуу тыюу салынат.

8. Бюллетенди урнага түшүрүү. Бюллетенди же болболсо анын көчүрмөсүн эч кимге бербеңиз. Электрондук урнага барып, өзүңүздүн бюллетениңизди таштаңыз.

9. Шайлоо участогунун имаратынан чыгыңыз.

#Ийгилик#Выборы2020

Источник: Инсан-Лейлек

Похожие статьи