Жалал-Абадда ондой мигрант өз бизнесин түптөдү

0
Want create site? Find Free WordPress Themes and plugins.

Облустун Арал айылынын тургуну Алымбек Тойчубеков 6 жыл бою Орусияда иштеди. Былтыр мекенине кайтып, бул жакта тиричилик өткөрүүнү чечкен. Мигранттарды колдоо долбооруна бизнес-план жазган. Анысы колдоо таап, бейөкмөт уюмдардан 50 миң сом  каржылык колдоо алган. Ошентип, Тойчубеков шириндик бышыруучу чакан цех ачты. Таттуулары сапаттуу болушу үчүн Америкадан ашпозчу келип, он күн окутуу өткөн.

Азыр цехке Алымбек Тойчубековдун үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары бир киши жумушка тартылган. Алар бышырган таттуулар айылдагы мектептерди  камсыздайт. Келечекте ишкер цехти чоңойтууну көздөп жатат.

Айылдын дагы бир тургуну, мурдагы эмгек мигранты Абдимиталип Залимбеков күнөскана курду. Ал да өз багыты боюнча окуулардан өткөн. Бадыраң эгип, жакшы түшүм алган дыйкан эми помидор өстүрүүгө киришти.

Эл аралык уюмдар ишке ашырып жаткан “Мигранттардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында Жалал-Абадда азырынча 10 чакты мигранттардын үй-бүлөсү  чакан ишкердикти түптөштү. Таттууларды даярдаган цех, күнөсканадан сырткары мал багып  саткандар, эчки сүтү менен киреше тапкандар бар.

Жакын арада айылдыктардын арасынан дагы 20 бизнес план тандалып алынып, аларга каржылык, консультациялык колдоолор көрсөтүлөт. Долбоордун максаты – жер-жерлерде жумуш орундарсын түзүү аркылуу миграция агымын азайтуу.

Бул сыяктуу мигранттар тапкан акчадан бизнес түптөгөн үй-бүлөлөрдүн саны Оштун Араван, Ноокат райондорунда 80ге жетет.  Долбоор алкагында ишкерликти баштоонун жол-жоболору, акчаны үнөмдүү пайдалануу боюнча сабак берилет. Ошону менен катар мамлекеттик ишканалар менен кызматташуу, товарларды экспортко чыгаруу да үйрөтүлөт. Былтыр башталган долбоор 2019-жылга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бүт райондорунда ишке ашырылат.

 

Did you find apk for android? You can find new Free Android Games and apps.
Поделиться.

Оставьте свой комментарий